Ата-энелер чогулушунда келип катышкандар, жана ИДН кызматкери , соц. защита кызматкери, "Булут" үй-бүлөлүк медицина борборунан келген кызматкерлери болуп , акыркы убактагы окуучулардын зыяндуу заттарды колдонуу коркунучу жаралып жаткандыгына байланыштуу алдын алуу катары ата энелерге маалымат берилип, аягында суроо-жооп ирээтинде түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Иш чарада темага байланыштуу видео материалдар жана слайддар коюлду.